Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Германия Киевдеги балдар ооруканасын калыбына келтирүүгө 10 млн доллар бөлөт


Орус армиясынын ракетасынан талкаланган Киевдеги балдар ооруканасы. 8-июль, 2024-жыл.
Орус армиясынын ракетасынан талкаланган Киевдеги балдар ооруканасы. 8-июль, 2024-жыл.

Германия 8-июлда орус армиясынын ракеталык чабуулунан талкаланган Киевдеги "Охматдет" балдар ооруканасын калыбына келтирүүгө 10 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министри Свенья Шульце Rheinische Post басылмасында 17-июлда жарык көргөн маегинде билдирди.

"Биз Украинада онкологиялык оорулардан жабыркаган балдарды дарылоо жайы талкаланып калышына көңүл бурбай койбошубуз керек, көңүл бурабыз", - деди Шульце. Ал балдар ооруканасына жасалган чабуул "Орусия бул агрессивдүү согушту канчалык аёосуз жана адамгерчиликсиз жүргүзүп жатканын көрсөттү" деп кошумчалады. Министр Орусиянын Украинага согуш ачышынан балдар эң көп жапа чегип жатканын айтты.

8-июлда орус армиясы Украинанын аймактарына, анын ичинен баш калаа Киевге абадан жапырт чабуул коюп, ондогон кишилердин өмүрүн кыйган. Ракеталардын бири ири балдар ооруканасына тийген. Москва бул маалыматты төгүндөп, ооруканага украин армиясынын абадан коргонуу системасы зыян келтиргенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгынын эксперттери видеолорду анализдеп, жеринде болуп келгенден кийин сокку орусиялык Х-101 ракетасы менен жасалган болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматы оорукананын короосунан X-101 ракетасынын сыныктарын таап, орус армиясы "Охматдетке" атайылап эле сокку урганын ырасташкан.

Соңку маалыматтарга ылайык, балдар ооруканасына жасалган соккудан эки кишинин өмүрү кыйылып, отуздан көбү жараат алды. Арасында балдар да бар.

XS
SM
MD
LG