Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Иран Трамптын көзүн тазалоо боюнча кутумга тиешеси жоктугун билдирди


13-июль, 2024-жыл. Пенсильвания, Батлер. Трампты жансакчылары окуя болгон жерден алып чыгып баратышат.
13-июль, 2024-жыл. Пенсильвания, Батлер. Трампты жансакчылары окуя болгон жерден алып чыгып баратышат.

Иран АКШнын экс-президенти Дональд Трампты жок кылуу боюнча кутумга эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. 16-июлда CNN телеканалы жана Politico басылмасы өз булактарына таянып, Иран Трампты өлтүрүүнү көздөп жатканы тууралуу чалгын кызматынын маалыматтары АКШ бийлигине түшкөнүн жазышкан.

Бирок булак 13-июлда Пенсильванияда Трампка ок чыгарды деген Томас Мэтью Крукстун ирандык кутумга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

16-июлдун кечинде жасаган билдирүүсүндө Ирандын тышкы иштер министрлигин өкүлү Нассер Канани Тегерандын Трампка болгон кол салууга эч тиешеси жоктугун билдирип, Иран Американын мурдагы президентин өлтүрүүнү көздөп жатканы тууралуу маалыматтардын "саясий мүдөөсү бар" экенин билдирди.

"Иран Ислам Республикасы генерал Касем Сулейманини өлтүрүүдөгү түз ролу үчүн Трампты жоопкерчиликке тартууга даяр", - деди Канани.

Бул билдирүүгө чейин Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы Тегеранга артылган дооматтар "негизсиз" экенин, Ислам Республикасы "Трампты жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамдуу жолду тандаганын" билдирген.

Иран бийлиги Сулейманинин өлүмүнө тиешеси бар америкалык жогорку даражалуу аткаминерлер бул үчүн чоң кун төлөөрүн көптөн бери эле эскертип келишет. Алардын арасында Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон жана мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео дагы бар.

Быйыл АКШ өкмөтү Ирандын тынымсыз коркутууларынан улам Помпеону кайтаруу мөөнөтүн узарткан.

"Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылы 3-январда Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан, сөөгү өзү туулуп-өскөн Керман шаарына коюлган.

XS
SM
MD
LG