Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Украинада мурдагы ички иштер министри чыккынчылыкка шектелүүдө


Украинанын мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко.
Украинанын мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко.

Украинанын мурдагы ички иштер министри Виталий Захарченко "мамлекеттик чыккынчылыкка жана орус агрессиясын актоого" шектелип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик иликтөөлөр бюросу билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканда Захарченко украин аткаминерлерине чалып, Орусия менен "достук жана коргоо" тууралуу келишимге кол коюуну сунуштаган.

Захарченко ошондой эле Орусиянын жетекчилигинин атынан чалып жатканын айтып, кийин аларга жогорку кызматтар берилерин убада кылган. Мамлекеттик иликтөөлөр бюросунун эсебинде бул аймакты душманга өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө барабар.

"Кийин экс-министр украин коомунда бийликке каршы маанайды түзүү максатында бир катар видеоматериалдарды, дайжесттерди даярдоого жана таратууга катышкан", - деп жазылат мекеме тараткан пресс-релизде.

Захарченко өз билдирүүлөрүндө дагы Орусиянын Украинага каршы согушун актап, аны мыйзам ченемдүү деп эсептейт.

Мамлекеттик иликтөөлөр бюросу Виталий Захарченкону сыртынан эркинен ажыратуу тууралуу сотко арыз менен кайрыларын көздөп турат. Захарченко ошондой эле Киевде 2014-жылы коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн митингчилерди атканы боюнча иштин фигуранты. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга, атайылап киши өлтүрүүгө, акча кымырып алууга, мамлекеттин каражатын максатсыз коротууга шектелүүдө.

Захарченко өзү 2014-жылы Орусияга кире качкан. "Проект" долбоору анын Рублевкада үйү бар экенин жазган.

XS
SM
MD
LG