Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Ош шаарынын борбордук базарында селдин чыгымы эсептеле баштады


Ош мэриясы тараткан сүрөт.
Ош мэриясы тараткан сүрөт.

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда базардагы негизги өтмөктөрү тазаланып бүттү. Базар комиссия ишин аяктагандан кийин кайра иштей баштайт.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG