Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Кыргызстанда жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын экинчи кварталына карай, Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму - 9124 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы 7251, балдардыкы 6 892 сомду түздү. Аймактар боюнча эң көп Бишкекте (8346 сом), эң аз Чүй облусунда (7645 сом) деп эсептелди.

2023-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелген.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Кыргызстанда расмий эсептөө боюнча быйыл январь-апрель айларында орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түзгөн. Ал эми өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом. (TSh)

XS
SM
MD
LG