Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Президенттик аппарат Ташиев, Жапаровдун жакындарынын кармалышы тууралуу комментарий берди


Аскат Алагөзов.
Аскат Алагөзов.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалганы боюнча кабарларга комментарий берди.

Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына “алардын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө тиешелүү органдар расмий маалымат берет” деп жазып, өлкө жетекчилигинин мыйзам бузса кимди болбосун жоопкерчиликке тартуу жөнүндө позициясы бар экенин билдирди.

“Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет. Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун, иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат”, - деп жазды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин иниси Ж.У.Р аттуу шектүү кармалганын ырастаган. Соттун 17-июлдагы маалыматына караганда, Ж.У.Р Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган. Жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылат. 2023-жылы октябрь айында президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган аталаш иниси Улан Жапаров үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылы июль айында камалган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин тастыктаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы кабарланды. Айрым басылмалар жазган бул маалыматты "Азаттыкка" атайын кызматтын жетекчисине жакын булактар тастыктады, бирок расмий бышыктала элек. Азырынча төрага өзү да комментарий берген жок.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалыматына караганда, аты-жөнү А.Т.О. деген тамгалардан башталган жаран 11-августка чейин камакка алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG