Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы кабарланды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганы кабарланды.

Айрым басылмалар жазган бул маалыматты "Азаттыкка" атайын кызматтын жетекчисине жакын булактар тастыктады, бирок расмий бышыктала элек. Азырынча төрага өзү да комментарий берген жок.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалыматында айтылгандай, аты-жөнү А.Т.О. деген тамгалардан башталган жаран 11-августка чейин камакка алынган. Чечим 11-июлда чыгарылган. Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен тергелүүдө. Соттун чечимине караганда, аталган берененин "өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү" пункту менен териштирүү жүрүп жатат.

Камчыбек Ташиев 2023-жылы мартта журналисттерге интервью бергенде "чоң кызматта иштегендердин жакындары мыйзам бузса, аёо болбой турганын" айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG