Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:23

Байсалов Жогорку Кеңеш өз жолун таап, аткаруу бийлиги менен иштешип жатканын айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Накта Подкаст" Youtube каналына курган маегинде парламент депутаттары менен аткаруу бийлигинин мамилеси жөнүндө пикирин билдирди. Байсалов парламент депутаттары сессияларда Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө үстөмдүк кылгысы келген учурлар бар экенин айтып, эл өкүлдөрү мыйзам чыгаруу функциясын көбүрөөк колдонушун керек деп эсептейт.

“Алар мыйзам чыгаруучу. Алар чыгып алып, “жолду мындай курасыңар, муну кылгыла, ушуну сен аткарасың” дегени - бул бийликтин узурпациясы. Бул силердин функцияңарга кирбейт. Шайланган президент аткаруучу бийлик, ал рулду кармайт. Сен (ред.: депутат) эрежелерди мыйзам менен чыгарасың. Негизи президенттин күн тартибин колдоп беришиң керек”, - деген Байсалов соңку учурда парламент өз жолун таап, аткаруу бийлиги менен иштешип жатканын кошумчалады.

Буга чейин парламент депутаттары менен Байсалов кайым айтышкан учурлар болгон. 2023-жылы 22-июнда аны кызматтан алуу тууралуу чечим дагы кабыл алган. Кийин ал түшүнбөстүктөр болгонун айтып, маселе жөнгө салынганын билдирген.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Байсалов 2019-2021-жылдарда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон. 2021-жылы 13-октябрдан бери министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG