Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:23

АКШ: Сенатор Боб Менендес жемкорлук беренеси менен күнөөлүү деп табылды


АКШ Конгрессинин сенатору Боб Менендес.
АКШ Конгрессинин сенатору Боб Менендес.

Манхеттендеги федералдык сот 16-июлда Демократиялык партиянын өкүлү, сенатор Боб Менендести айыптоонун бардык 16 баскычы, анын ичинде жемкорлук, опузалап акча талап кылуу жана чет элдик агент катары ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча күнөөлүү деп тапты. Демократ-сенаторлор жана Нью-Жерси штатынын губернатору Фил Мерфи кезектеги жолу Менендести кызматтан кетүүгө чакырышты.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы сенатор Нью-Жерсидеги үч ишкерден алты куймалары, жүз миңдеген доллар накталай акча түрүндө пара алган. Андан тышкары автоунааларынын акчасын жана ипотекасын төлөткөн. Бул үчүн ал Египет өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн чет элдик агенттин ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Тактап айтканда, Египетке миллиарддаган доллар америкалык жардам жөнөтүүгө көмөктөшкөн.

Сенаторго каршы кылмыш иши 2022-жылдын октябрь айында козголгон. Эки жыл мурда анын үйүн тинтүү маалында 480 миң доллар накталай акча жана баасы 100 миң долларды түзгөн алтын куймалар табылган.

Менендес тагылган айыптарды четке кагып, сот арачыларынын чечимине нааразычылыгын билдирди.

"Мен эч качан чет элдик агент болгон эмесмин",-деди ал.

Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында Эл аралык комитеттин башчылыгынан кеткен.

XS
SM
MD
LG