Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Президент көрүстөндөр тууралуу демилгесин түшүндүрдү


Кочкор районундагы көрүстөн.
Кочкор районундагы көрүстөн.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде маркумдарга коюлган эстеликтер жөнүндө дагы түшүндүрмө берди.

Ал элди маркумдарга эстелик орнотууну токтотуу демилгеси өлкөдө жер аянтары улам тарып баратканын, бул маселени азыртан ойлонуу керек экенин белгилеген.

“Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып баратат. Элдин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек. Ар бирибизде “40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?” деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров шарият боюнча баалуу таш, темир тосмо, цемент-бетондордон көрүстөн коюуга тыюу салынарын, кыргыз салтында дагы жок экенин айтты. Ал бул демилгесин сындагандарды “популист саясатчылар” деп атады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырган. Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөткөн. Президенттин демилгеси коомчулукта талкууга алынды.

Кыргызстанда мүрзөлөргө маркумдун аты-жөнү жазылып, сүрөтү чектирилген кымбат эстеликтерди койгондор, сөөк коюлган жердин айлана-тегерегин тосуп салган мисалдар арбын. (TSh)

XS
SM
MD
LG