Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Украина электр энергиясына чектөө киргизди


Курск. Коренево шаарындагы өрт.
Курск. Коренево шаарындагы өрт.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан улам жана күндүн өтө ысышынан электр энергиясы көп коротулуп жаткандыктан улам кыйынчылык жаралганын, андыктан айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөрүн 16-июлда өлкөнүн улуттук ишканасы «Укрэнерго» эскертти жана электрди керектөө деңгээли рекорддук чекке жеткенин билдирди.

Бир сутка ичинде Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Донецк, Днепропетров жана Кировоград облустарында кезек-кезеги менен авариялык өчүрүү болору, соккудан улам талкаланган энергетика объектилерин оңдоо иштери уланып жатканы маалымдалды.

Орусиянын ракета жана дрон чабуулдарынан кийин жаралган абалдан улам өлкө аймагында электр энергиясын улам өчүрүп турууга мажбур болуп жатышканын «Укрэнерго» өткөн айда да эскерткен.

Европа континентинин көптөгөн аймактарында күн абдан ысып, айрым жерлерде абанын күндүзгү температурасы кээде 40 градуска чейин жетүүдө.

Орусиянын соккуларынан энергетика тармагы жабыркап жатканын айткан Украина орус аскерлеринин украин шаарларын бутага алган курал-жарагын, базаларын, кампаларын жеринен жок кылышы керек деп айтып келет.

Орусиянын бир катар аймагы, айрыкча мунай объектилери соңку кезде учкучсуз учактардын чабуулуна кабылууда. 16-июлда Украина менен чектеш Курск облусунун башчысы Алексей Смирнов Коренево шаарындагы электр жабдыктарын чыгаруучу заводго дрон менен сокку урулуп, өрт чыкканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 16-июлга караган түнү украиндердин 13 дронун атып түшүргөнүн кабарлады.

Украина адатта орус тараптын мындай билдирүүлөрүнө комментарий бербейт.

16-июлда Эстония, Латвия жана Литва советтик мезгилде түзүлгөн БРЭЛЛ (Беларустун, Орусиянын, Эстониянын, Латвиянын жана Литванын бирдиктүү электр түйүнү) системасынан чыкканын жарыялашты. (RK)

XS
SM
MD
LG