Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Еврокомиссия Венгриянын Евробиримдиктеги төрагалыгын бойкоттоодо


Урсула фон дер Ляйен жана Виктор Орбан. Архивдик сүрөт.
Урсула фон дер Ляйен жана Виктор Орбан. Архивдик сүрөт.

Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен уюмдун коллегиясынын Венгрияга пландалган сапарын токтотуп, Евробиримдик Кеңешинин бул өлкөнүн төрагалыгы менен өтүүчү бейформал жыйындарына катышуу деңгээлин төмөндөттү. Бул тууралуу Euronews эл аралык телеканалы кабарлады.

Телеканалдын сайтындагы маалыматта Европа Комиссиясы Венгриянын Евробиримдиктеги кезек катары тийген жарым жылдык төрагалыгын бойкоттоп жатканы, муну Венгрия премьер-министри Виктор Орбандын көпчүлүк ЕБ ичиндеги саясий биримдикке шек келтирүү катары кабыл алган Москва жана Бээжин сапарларына жооп деп бааласа болору белгиленди.

"Венгриянын төрагалыгынын башталышы менен коштолгон соңку окуялардан улам төрайым (Урсула фон дер Лейен) Еврокомиссия жогорку мамлекеттик кызматкерлер деңгээлинде, Кеңештин расмий эмес жыйындарына гана катышат деп чечти", – деп билдирди Еврокомиссиянын расмий өкүлү Эрик Мамер.

"Коллегиянын (Еврокомиссия коллегиясы) төрагалык кылып жаткан өлкөгө сапары болбойт", – деп кошумчалады Мамер жана адатта төрагалык кезек кийинки өлкөгө өткөрүлүп берилгенде уюштурулуучу негизги иш-чара бул жолу өткөрүлбөй турганын айтты.

Европа Биримдигиндеги жарым жылдык төрагалык кезек 1-июлда Венгрияга тийген. Венгр өкмөтүнүн башчысы Виктор Орбан дароо Украинага, андан кийин Москвага барып, сүйлөшүү жүргүзгөн соң Кытайга да барган. Бул сапарларын ал өзү «тынчтык орнотуу миссиясы» деп атаган. Бирок Еврошаркеттин расмий өкүлдөрү жана АКШ Орбанды бул уюмдун атынан барган өкүл катары кароо туура эместигин эскертишкен. АКШ администрациясы Орбандын Москвадагы сүйлөшүүсү Украинада тынчтык орнотууга алып келе тургандай жыйынтык бербегенин белгилеген.

Орбан Москвага барып, Путин менен жолугушкандан бир нече күн өтпөй Украинанын аймагы, анын ичинде балдар ооруканасы бомбаланган, ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Киев бул үчүн Орусияны айыптап, далилдерин жарыялаган.

Бээжинге барганда Орбан Кытайдын башчысы Си Цзинпиндин Украина боюнча “тынчтык планын” жогору баалаган. Европа Биримдигинин жетекчилиги аны “эл аралык укук нормаларынын тандалма чечмелениши жана агрессор менен анын курмандыгынын ортосундагы чектин бүдөмүктүгү” деп сындаган.

Орбандын «тынчтык орнотуу миссиясындай» көрсөтүлгөн бул эки сапары тең, расмий Будапешт белгилеп жаткандай, эки тараптуу дипломатия алкагында гана уюштурулду. Анткен менен бул сапарлардын убактысы, тандалып алынган өлкөлөр жана Венгриянын Евробиримдиктеги төрагалыгынын расмий логотибинин колдонулушу кыянаттык жана лоялдуулуктун жоктугу катары кабыл алынып, айыптоо жаратууда.

Урсула фон дер Ляйендин чечимине ылайык, Брюссель Будапешттин Евробиримдиктеги төрагалык мөөнөтү аяктаганга чейин уюштура турган жогорку деңгээлдеги көптөгөн иш-чараларына катышпайт.

Венгриянын ЕБ иштери боюнча министри Янош Бока Будапешт «жалпы проблемаларды» чечүү үчүн «чын ыкластуу кызматташтыкка» дагы эле үмүттөнөрүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG