Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Уюлдук телефондорду милдеттүү каттоо боюнча ишкерлерге маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Уюлдук телефондорду милдеттүү каттоого байланыштуу Бишкектеги "Береке", "Беш-Сары" жана "Айчүрөк" соода комплекстеринин дүкөндөрүндө иштеген ишкерлер Мамлекеттик бажы кызматы, "Инмобайлс" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-июлда билдиргендей, каттоо системасын киргизүү менен телефон аткезчилиги, сапатсыз продукцияларды сатуу токтотулуп, телефон уурдоого бөгөт коюлары түшүндүрүлдү. Ишкерлер телефондорду мамлекеттик идентификациялоо тутумунун базасында каттоодон баш тарткан учурда айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүгө байланыштуу суроолорго жооп алышты.

Буга чейин 60тай ишкер кайрылуу жасап, уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосу так аныкталбаганын жана мунун айынан товарын сата албай жатканын айтып чыгышкан. Алар кошумча документтерди көрсөтпөстөн, бирок бардык мамлекеттик алымдарды төлөөнү ишке ашыруу жана милдеттүү түрдө каттоо системасын жеңилдетүүнү суранышты. Жолугушууда тийиштүү мекемелер бул маселе жакын арада каралары айтылды.

25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталган. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. Ага ылайык, Мамлекеттик идентификация системасында катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталары белгиленген.

Чет өлкөдөн сатылып алынган кол телефондорду ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек. 25-июндан тартып, эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттай алышат.

Кол телефондун IMEI-коду катталганын *#06# санын терип билүүгө болот. Телефондун IMEI-коду анын кутусунда, корпусунда жана аккумулятордо көрсөтүлөт.

Кыргызстанда колдонуудагы мобилдик телефондордун саны тууралуу статистика жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG