Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Трамп президенттикке көрсөтүлдү, Вэнс вице-президенттикке тандалды


Дональд Трамп жана Жеймс Дэвид Вэнс (Трамптын сол жагында).
Дональд Трамп жана Жеймс Дэвид Вэнс (Трамптын сол жагында).

АКШнын Республикачылар партиясы Дональд Трампты өлкө президенттигине талапкер кылып расмий түрдө көрсөттү. Бул тууралуу партиянын Милуоки (Висконсин штаты) шаарында өтүп жаткан курултайынын биринчи күнүндө жарыяланды.

Вице-президенттикке Трамп Огайо штатынан сенатор Жеймс Дэвид Вэнсти тандаганы белгилүү болду.

"Вице-президент катары Жей Ди биздин Конституция үчүн күрөшүүнү улантат, биздин аскерлер менен бирге болот жана мага Американы кайрадан улуу өлкө кылууга көмөктөшүп, колунан келгендин баарын жасайт",– деп жазды Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө.

39 жаштагы Вэнс 2016-жылдагы президенттик шайлоо маалында Трампты катуу сындаган, аны "айыпташ керек" деп айткан. Бирок кийин ишенимдүү тарапкерине айланып, Reuters агенттиги белгилегендей, жогорку кызматтагы республикачылар колдобой койгон учурда да Трампка колдоосун билдирип келген. Вэнс Украинага жардам берүүнү айыптаган америкалык саясатчылардын бири экени да белгилүү.

13-июлда курултайга эки күн калганда жана Флоридадагы сот мамлекеттик купуя документтердин сакталышына байланыштуу козголгон ишти жапкандан бир нече сааттан кийин Трамп Пенсильванияда шайлоочулары менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда кол салууга кабылган.

Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушууда трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок анын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

Бул окуядан кийин 78 жаштагы Трамп курултайдагы сөзүндө негизги атаандашы, 81 жаштагы Жо Байден менен каршы пикирлерине эмес, улуттук биримдикке басым жасамай болуп жатканын Reuters жазган.

Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG