Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:26

ЕВРО-2024: Испания чемпион болду

Испания курама командасы 15-июлга караган түнү Англия курамасын утуп, төртүнчү ирет футбол боюнча Европа чемпиону болду. Берлиндеги Олимпиада стадионунунда өткөн финалдык беттеште испаниялыктар англиялыктарды 2:1 эсебинде утту. Чечүүчү голду оюндун бүтөөрүнө төрт мүнөт калганда Испания курамасынын футболчусу Микел Оярсабал киргизди.

Англия ушуну менен экинчи жолу катары менен финалда жеңилип калды. 2020-жылы өткөн Европа чемпионатында Англия финалда Италияга утулган эле.


XS
SM
MD
LG