Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Имран Хан жана аялы "мыйзамсыз нике" иши боюнча акталышты


Имран Хан жубайы Бушра Хан менен.
Имран Хан жубайы Бушра Хан менен.

Пакистанда соттун чечими менен мурдагы премьер-министр Имран Хан жана анын жубайы «мыйзамсыз үйлөнгөн» деген айыптан акталышты. «Машаал» радиосу билдиргендей, сот өз чечимин 13-июлда жарыялады.

71 жаштагы Имран Хан жана жубайы Бушра Хан (Бушра Биби) бул айып менен быйыл февраль айында соттолгон жана жети жылдык абак мөөнөтү чегерилген.

Сот Бушра Хан Имран Ханга буга чейинки никеси менен жаңы нике ортосундагы тийиштүү мөөнөттү (иддат) сактабай тийген деген өкүм чыгарган. Жубайлар никеге 2018-жылы, Хан премьер-министр болуп дайындалганга чейин жети ай мурда турушкан. Нике салтанады жабык өткөн.

Кылмыш ишинин козголушуна анын мурдагы күйөөсү Хавар Маникинин даттануусу негиз болгон.

Былтыр августта жемкорлук үчүн үч жылга кесилип, азыр камакта отурган “Адилеттик үчүн кыймыл” («Техрик-е Инсаф») партиясынын лидери Имран Ханга мындан тышкары быйыл 30-январда «мамлекеттик купуя сырды ачыктаган» деген айып менен 10 жыл жаза мөөнөтү чегерилген.

31-январда ал өзү жана аялы Бушра Хан 14 жылга эркинен ажыратылган. Коррупцияга каршы сот саясатчыны жана анын жубайын өкмөттү жетектеп турган 2018-2022-жылдары мамлекеттик белектерди 140 миллион рупийге (501 миң доллар) мыйзамсыз сатышкан деп айыптаган. 14 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары саясатчыга андан кийин 10 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынган.

Парламент ишенбөөчүлүк жарыялап, 2022-жылы апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткен Хан быйыл февралда өткөн парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок бул укугунан ажыратылган.

44 партия катышкан шайлоодо көпчүлүктүн добушун ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп, өкмөттү жетектей баштаган.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушкан, бирок азыраак добуш алган башка партиялар “Пакистан элдик партиясы» менен биригип, коалиция түзүп, өкмөттү куроо жана башкаруу укугун алышкан.

Коррупциядан тартып мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салынган.

28-февралда аталган партия Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Пакистанга мындан аркы каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алар алдында соңку шайлоо боюнча аудит жүргүзүүгө чакырган.

241 миллион калкы бар Пакистан элинин жашоо деңгээли төмөндөп, оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG