Жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн "Еврохантер" компаниясынын тегерегиндеги талкуу дагы эле уланууда. Анын айрым кардарлары төлөгөн акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышууда, компания каржылык маселеден улам аны дароо кайтара албасын билдирип жатат. Парламентке чейин жеткен бул маселе Кыргызстандагы миграция тармагындагы көйгөйдү күн тартибине чыгарды.
Кыргызстандыктарды Европа өлкөлөрүнө жумушка орноштурган “Еврохантер” компаниясынын маселеси парламентте да көтөрүлдү. 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, миграциялык кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев өткөргөн жыйында миграциялык маселелер, анын ичинде “Еврохантердин” кардарларынын нааразылыгы боюнча талкуу жүрдү.
Соңку учурда компаниянын кардарлары “Еврохантер” алардын акчасын алганы менен өз милдетин аткарбай жатканын айтып, даттанып келишкен. Мындай нааразылыктан кийин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги компаниянын лицензиясын токтоткон.
Парламенттеги жыйында компания кардарларды жумушка орноштурууда катачылыктар кеткенин, башкарууда өзгөрүүлөр болуп жатканын жана 200-250 кардардын акчасы кайтарылганын билдирген. Мындан улам Нурланбек Азыгалиев компаниянын лицензиясын токтотуунун ордуна анын алган милдеттерин аткаруусуна шарт түзүү зарыл деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.
“Биздин бул фирманы жапканга, лицензиясын алганга жана жоопкерчиликке тартканга толук укугубуз бар. Биз муну ар дайым кыла алабыз. Бирок бул жол менен барсак, анда 3700 киши жабыркап, акчадан да, жумуштан да жок калышат. Ошондуктан бул маселени чечиш керек. Алардын өздөрүнүн пландары да бар экен, ушул жылдын аягына чейин чечкенге аракет кылып жатышат.”
Ишкананын лицензиясын токтоткон Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору көйгөйлөр чечилмейинче жаңы кардарлар менен келишим түзбөй туруу жана буга чейинки кардарлардын каражатын кайтаруу талабын койгон.
2023-жылы күздөн бери “Еврохантер” менен 3 миң 900 киши келишим түзсө, алардын 100дөйү жумушка жөнөтүлгөн. Шарты боюнча келишим түзүлгөндө төлөмдүн 50%, тагыраагы, 25 миң сомдон беришкен. Учурда кезекте тургандардын арасында келишимди жокко чыгарып, берген акчасын кайтарып алууну каалагандар да, кезегин күтүп турууга макул болгондор да бар.
“Еврохантердин” негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Муратов журналист Эламан Карымшаковго берген маегинде буга чейин 150 кишинин акчасы кайтарылганын, учурда компанияда бардык карыздарды кайтып берүүгө каражат жок экенин айткан. Ал эми кардарлардан түшкөн каражат жумушту уюштурууга, айлык маяна жана ижара акысына жумшалганын билдирген.
“Планыбыз бар. Компанияда азыр акча жок. Биз жумушубузду жолго салышыбыз керек болот. Азыр кардарлардын арасында акчасын алам дегендер да, жумушка барам дегендер да бар. Биз эки жактын тең талабын аткарышыбыз керек. Инвестиция карап жатабыз. Бирок мындай абалда инвестициянын келиши да кыйын. Алгач абалды оңдогула, андан кийин сүйлөшүүнү улантабыз дегендер болууда”.
“Еврохантер” менен келишим түзгөн айрым кардарлар бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, жооп болбой жатканын буга чейин айтып чыгышкан. Алардын интернетке жарыяланган кайрылуусунда бул маселеге Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көңүл буруусун суранышкан. Бул компаниянын ишине байланыштуу укук коргоо органдары маалымат бере элек.
“Еврохантердин” тегерегиндеги көйгөй Кыргызстандагы миграция маселесин жөнгө салуудагы маселени күн тартибине чыгарды. Орусияга салынган санциялардан жана ал өлкөдөгү миграциялык талаптардын катаалдаша баштаганынан соң мекенине кайткан жана башка өлкөлөргө кеткен учурлар көбөйдү. Мындан улам жеке агенттиктердин Европа өлкөлөрүнө убактылуу жумуштарга жөнөтүүнү жарнамалаган билдирүүлөрү көп тарап жатат.
Мурда “Еврохантер” компаниясында иштеп, азыр жеке мигарциялык консультант болуп жүргөн Мирбек Маматкасым бул көйгөй жалпы эле жумушка жөнөтүүчү агенттиктерге мүнөздүү экенин айтууда.
Өкмөт бул агенттиктердин ишмердиги боюнча жалпы аудит жүргүзүп, канча келишим түзүлгөнү жана алардын канча бөлүгү аткарылганын тактап алышы керек деген ойдо. Ал эми алдыда бул тармакты жөнгө салуу үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек деген пикири менен бөлүштү.
“Мыйзамда агенттик кардарды жумушка жөнөтө албаса, жаран канча суммага чейин чыгым тартышы керектиги да көрсөтүлүшү керек. Менимче, бул чыгым 5-10 мин сомдон көп болбошу керек. Экинчиден, айтылган мөөнөттөр келишимге так жазылышы керек. Эгер ал мөөнөттөн өтүп кетсе, компания кандай жоопкерчилик тартат же кардарга канча айып төлөп берет? Бул да так аныкталышы шарт. Кийинкиси, түзүлгөн шарттар, маяналар аткарылбай калса эмне болот? Мисалы, бул жактан Европага барганда 1500 евро аласың десе, ал жактан 700 евро болуп калса, буга ким жооп берет? Ушул маселелер так чечилбесе, агенттиктер элди жалган маалымат менен алдай беришет”.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.