Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Селден улам Ош-Гүлчө-Эркечтем жолу убактылуу жабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-июлда түштөн кийин жааган катуу жаандан улам сел жүрүп, Ош-Гүлчө-Эркечтам жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылганын билдирди. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

"Андан сырткары турак жайлардын короо-сарайларын жана жертөлөлөрүн сел каптады. Учурда министрликтин Кара-Суу районундагы бөлүмүнө жана райондук жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланды",- деп жазылган маалыматта.

Катуу жаандан улам Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып сел жүргөнү белгилүү болгон. Күбөлөр социалдык тармактарга жүктөгөн видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар сууда калганын, эл кыйсыпырга түшүп коопсуз жайга чыгып жатканын, ошондой эле топон сууда машиналар агып баратканын көрүүгө болот.

ӨКМ Ош шаарындагы кырсык жана анын кесепет-зыяны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар. Жолдорду топон суу жууп, көпүрөлөр кыйрады, жергиликтүү тургундар ири зыянга учурады. Селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG