Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи айлампасы 15-июлдан тартып башталат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда 15-июлдан тартып жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи айлампасы башталат.

Билим беруү жана илим министрлиги анда бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилгенин билдирген. Предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылган.

Былтыр ЖОЖдорго кабыл алуу төрт тур менен өтөрү жарыяланып, аягында бешинчи айлампа да өткөрүлгөн.

Быйыл Кыргызстандагы мектептерди аяктаган 60 миңдей окуучудан 50 миң 741 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түздү. ЖРТга катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган.

XS
SM
MD
LG