Грузиянын мурдагы өкмөт мүчөлөрү НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган декларациянын текстинде Грузияга байланыштуу алгылыктуу эч нерсе камтылбаганына өкүнүчүн билдиришти.
2015–2016-жылдары грузин Коргоо министрлигин жетектеп турган, азыркы өкмөттү сындап келаткан саясатчы Тина Хидашели «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып өкүнүчүн билдирип, бул убактылуу гана көрүнүш экенине үмүттөнөрүн айтты жана "Чоң деле үмүтүм жок эле, бирок мындайды күткөн эмесмин", - деп кошумчалады.
Грузиянын АКШдагы мурдагы элчиси Бату Кутелия «Грузияга байланыштуу негизги маселе – Грузия евроатлантика күн тартибинен чыгып калды, Грузия демократия жолунан артка чегинди, мунун баары оңдоого мүмкүн эмес кесепеттерге алып келиши ыктымал», - деген оюн билдирди.
Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болууга умтулуу Грузиянын Конституциясында жазылган максат. Бирок Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөгө алып келет деп укук коргоочулардын жана жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, Батыштагы өнөктөштөрдүн кооптонуусу менен өкүнүчүн жараткан мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн бул ниетине сокку урду.
НАТОнун буга чейинки саммиттеринин декларацияларында Грузия менен кызматташтыкты кеңейтүү максаты белгиленип жазылып келген болсо, бул жолу Грузия тууралуу «Орусия Молдовадан жана Грузиядан аскерлерин чыгарып кетиши зарыл» деген өңүттө гана айтылды.
Европа Биримдиги (ЕБ) Грузиянын бул уюмга интеграция болуу процессин убактылуу токтотконун 9-июлда биримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский билдирген. Ал Грузиянын азыркы жетекчилигинин ниети ЕБ үчүн түшүнүксүз болуп жатканын белгилеп, жакында кабыл алынган “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзамды өлкөнүн биримдикке мүчө болуу жолундагы жетишкендиктер тушундагы артка карай жасалган кадам деп атаган.
Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы "чет элдик агент" деген атка конгон мыйзамды сунуштап, натыйжада парламенттеги бийликчил күчтөрдүн көпчүлүгү басымдуулук кылып, аны ири нааразылык акцияларына карабастан кабыл алды.
ЕБ өлкөлөрү да, АКШ да грузин бийлигин мындай демилгеден баш тартууга үндөшкөн, бирок акыры мыйзам кабыл алынгандан кийин Еврошаркет грузин жарандарына берилген визасыз режимди токтотууну сунуштаган, ал эми АКШ бул өлкөдөгү “демократияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жооптуу адамдарга” санкция жарыялаган.
Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.
АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. (RK)