Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Бишкекте таштанды челектеринин алдына видео камералар орнотулууда


Бишкекте калдыктарга толгон таштанды челектер. Архив.
Бишкекте калдыктарга толгон таштанды челектер. Архив.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкекте таштанды челектеринин алдына көзөмөл камераларын орното баштады. Мэриянын басма сөз кызматы муну калдыктарды туш келди ыргыткандар менен күрөшүү чарасы деп билдирди.

Видеобайкоо аркылуу тамак-аш, өндүрүш жана курулуш калдыктарын белгиленбеген жайларга ыргыткандар аныкталат. Тасмалар Муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп, анын негизинде жарандарга айып пул салынат.

Мындай кадам Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 115-беренесине ылайык жасалууда. Аталган берене "Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө" деп аталат.

Баш калаада тиричилик калдыктарын туш келди ыргыткандарга нааразылыктар көп айтылат. Ошол эле учурда толуп жаткан таштандыларды өз убагында алып кетпейт деп, "Тазалык" ишканасын да сындагандар көп. (SE)

XS
SM
MD
LG