Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Баш прокурор АКШнын жана Кытайдын элчилери менен жолукту


Максат Асаналиев Кытайдын элчиси менен жолугушкан учурда тартылган сүрөт.
Максат Асаналиев Кытайдын элчиси менен жолугушкан учурда тартылган сүрөт.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин баш прокурорлорунун 22-жыйыны Бишкекте 24-июлда өтөт. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы жума күнү билдирди.

Жыйындын алдында баш прокурор Максат Асаналиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту. Алар эки өлкө ортосундагы укук тартиби жана коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташууну талкуулаганы айтылат расмий кабарда.

ШКУ прокурорлорунун отурумуна Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасынын өкүлдөрү келет. Дэвэн менен Асаналиев жыйынды уюштуруу, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн ШКУнун алкагында өз ара кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты.

9-июлда баш прокурор АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен да жолугушкан. Алар укук үстөмдүгү боюнча иш-аракеттерге колдоо көрсөтүү жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу чараларын сүйлөшкөн.

Мындан тышкары, прокуратуранын ишине заманбап технологияларды, эл аралык стандарттарды киргизүү, тажрыйба алмашуу маселесин макулдашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG