Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Орусия: Чогуу кызмат өтөгөндөргө ок чыгарган аскер изделип жатканы кабарланды


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чек арасындагы Белгород облусунда аскер кызматкери чогуу кызмат өтөгөндөргө ок чыгарып, качып кетүүгө үлгүргөнүн бир катар маалымат каражаттары жазып жатышат. Маалыматты Baza, SHOT, "Пепел" жана RT жарыялашты, расмий комментарий азырынча бериле элек.

Окуя 12-июлга караган түнү болгону, жараат алгандар жана каза болгондор бар экени маалымдалууда.

"Медиазона" окуя Грайворон районундагы Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Козинка кыштагында жайгашкан 54708 аскердик бөлүгүндө болгонун жазды. "Пепел" жана SHOT басылмалары ок чыгарган киши армияга Чувашиядан чакырылганын, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер экенин жазышты.

Baza басылмасы белгилегендей, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды, бир киши жараат алды.

Грайворон районунун башчысы Геннадий Бондарев RT каналына жайкын тургундар арасында жабыркагандар жок экенин айтты, демек, байкоочулар жазгандай, бул билдирүүсү менен ал ок атылган фактыны тастыктады.

Белгород облусунда күч түзүмдөрү атайын план жарыялап, аскерди издеп жатышат. Ал колундагы куралы менен кошо качканы кабарланган, бирок Baza жазгандай, курал окуя болгон аймактан алыс эмес жерден табылды.

RT окуяга адамдар арасында боло жүрүүчү кадимки чыр себеп болгонун боолгосо, "Пепел" ал адам аскерден качууну көздөгөнүн, SHOT Украина жакка качып кеткен болушу ыктымал экенин кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG