Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Украина Орусиянын ракета жана дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

Украина бүгүн 12-июлда Орусиянын чабуулдарынан 13 киши жабыркаганын, алардын бирөөнү сактап калуу мүмкүн болбогонун билдирди. Улуттук полициянын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер Донецк облусундагы Мирноград шаарын бутага алып, башкарылуучу беш авиабомба менен сокку урду.

15 жаштагы бала ошол жерден каза болгону, 13 жаштагы кыз жана бала жараат алганы, жалпысынан 13 киши жабыркаганы, 43 үй, эки окуу жай имараты, дүкөн, автомашиналар талкаланганы маалымдалды.

11-июлдун кечинде Орусия Украинанын аймагына стратегиялык авиация учактары алып жүрүүчү Х-101 канаттуу ракеталарынан бешти, ал эми түндө Shahed дрондорунан 19ду учурганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук кабарлады.

Анын айтымында, негизинен Хмельницкий облусундагы Староконстантинов шаары бутага алынды. Ракеталар Сумы жана Черкасск облустарында, жанкечти дрондор Николаев, Киев, Винница, Хмельницкий, Херсон жана Сумы облустарында да атып түшүрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG