Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Непалда жүргүнчү ташыган автобустар жер көчкүдөн улам дарыяга кулап кетти


Непалдагы куткаруучулар.
Непалдагы куткаруучулар.

Непалда куткаруучулар жер көчкүдөн улам Тришули дарыясына кулап кеткен эки автобустагы жүргүнүчүлөрдү издеп жатышат. Баштапкы маалыматтарга караганда, 60тан ашуун адам дайынсыз.

Баш калаа Катмандудан 90 чакырымдай батыш тарапта масштабдуу издөө операциясына аскер күчтөрү да тартылганын Reuters агенттиги жазды. Байкоочулар терең дарыянын ылай суулары куткаруучулардын өмүрүнө да коркунуч туудурарын белгилешүүдө.

Автобустар кулап баратканда үч киши секирип чыгып кетип, аман калган. Жүргүнчүлөрдүн так саны белгисиз. Сатылган билеттер боюнча 62 киши, арасында жетөө индиялык жарандар. Ошол эле учурда айдоочулар билет албагандарды да салып бараткан болушу мүмкүн экени айтылууда.

Расмий маалыматтарга караганда, июндун ортосунан бери Непалда нөшөрдөн улам сел жана жер көчкүлөр 90дон ашуун адамдын өмүрүн алды. (SE)

XS
SM
MD
LG