Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Газа шаарында Израилдин кезектеги чабуулдарынан кийин 60 адамдын сөөгү табылды


Газа.
Газа.

Газа шаарында Израил аскерлери ал жактагы эки апталык операциясын жыйынтыктаганын билдирип, чыгып кеткенден кийин уранды астынан кеминде 60 кишинин сөөгү табылганын бүгүн 12-июлда сектордун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине таянып France-Presse (AFP) маалымат агенттиги билдирди.

Шаардын Шужая району Израил армиясынын бомбалоосуна кабылганын айткан жергиликтүү тургундар ондогон кишинин өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

«Окуя түн ичинде болду. Биз баарыбыз үйдө элек. Агамдын батири жайгашкан жерге эки ракета түштү. Агам, анын бир жашар уулу Хамза жана 2,5 жашар кызы Тука каза болушту", - деп айтып берди өзүн Ибрагим Абу Мустафа деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Газа шаарынын чыгыш тилкесиндеги Шужая районунда жашагандар башка жакка чыгып кетүүсү керектигин Израил аскерлери 27-июнда эскерткен. ЦАХАЛ Газа секторунун түндүгүндө, түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө да соккуларын улантып жатканы 11-июлда маалымдалган.

Соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүк АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантуу максатында Израилдин расмийлери менен жолукканы кабарланган учурда болууда.

АКШ президенти Жо Байден 11-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын администрациясы Газадагы атышууну токтотуу келишими боюнча «прогресске жетишип жатканын» айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG