Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Орусия мигранттын үй-бүлөсүнүн өлкөгө кирүүсүн чектөөнү көздөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия катталып иштеген жери жок, демек, расмий түрдө жумушсуз деп эсептелген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууну көздөөдө.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Ички иштер министрлигине жана башка тийиштүү мекемелерге чет өлкөлүк жумушчулардын жакындарынын Орусияга кирүүсүн чектөө сунушун изилдеп чыгып, тийиштүү мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы берилгени маалымдалды.

Орусия бийлигине жакын маалымат булактарынын бири деп эсептелген Baza Telegram-каналы жазгандай, Мамлекеттик Думанын кароосуна мигранттардын балдарын мектепке кабыл алынар алдында орус тилинен экзамен тапшырууга милдеттендире турган мыйзам долбоору киргизилди.

Соңку кезде Орусияда мигранттарды чектеген, аларды өлкөдөн чыгаруу керек деген чакырыктар көп айтылууда. Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой расмий каттоого туруп иштебеген чет элдик жумушчулардын санын азайтуу үчүн “жалгыз келди, жалгыз кетти” (б.а. мигрант өлкөгө жалгыз келсе, жалгыз чыгып кетиши керек) принцибин киргизүүнү сунуштаган. Орус саясатындагы аткаминерлердин көбү миграцияга каршы мыйзамдарды колдоп келишет, мигранттарды өлкөдөн чыгаруу демилгесине каршы пикирин билдиргендер аз.

Ички иштер министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарын депортациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамдарга дагы 20 берене кошуу тууралуу мыйзам добоорун Думага жөнөткөн. Анда коомдук тартип жана коопсуздук, экстремизмди алдын алуу жана миграциялык каттоо деп айтылганы менен, укук коргоочулар белгилегендей, иш жүзүндө мигранттарды анча олуттуу эмес тартип бузуулар үчүн деле депортациялоого жол ачкан өзгөртүүлөр бар. (RK)

XS
SM
MD
LG