Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Тихановская Батышты Орусиянын дымагына каршы турууга үндөдү


Белорус демократиялык кыймылынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская.
Белорус демократиялык кыймылынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская.

Беларус демократиялык кыймылынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская Батыш лидерлерин "Орусиянын империалисттик амбицияларына" каршы турууда "бирдиктүү" жана "чечкиндүү" болууга чакырды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинин алкагында 10-июлда курган маегинде Тихановская Украинанын эли бир гана өз өлкөсү үчүн эмес, "демократиялык мамлекеттердин негизин түзгөн баалуулуктар үчүн" да күрөшүп жатканын билдирди.

"Мага ишенип койгула, эгер Украинанын согушта жеңилип калышына жол берсек, демократиялуу дүйнө – диктатура кол сала турган кийинки аймак кубаттуу Европа же АКШ болот",-деди ал.

Мурдагы мугалим, 41 жаштагы Тихановская 2020-жылы күйөөсү, популярдуу блогер Сергей Тихановскийге президенттике ат салышууга мүмкүнчүлүк бербей, түрмөгө камап коюшканда анын ордуна талапкерлигин койгон.

Авторитардык лидер Александр Лукашенко ал жылкы шайлоодо алтынчы ирет утуп чыкканына нааразылардын толкунун күч менен басуу маалында Тихановская Литвага качууга аргасыз болгон.

"Беларус менен Украинанын тагдырлары бири-бирине байланган. Биз НАТОго мүчө мамлекеттерди украиналыктарды колдоп, аларга жеңиш үчүн зарыл нерселерди берүүгө чакырабыз. Ошол эле маалда Беларусту дагы көз жаздымда калтырбагыла",- деди Тихановская.

НАТОнун 75 жылдык мааракелик саммити 9-11-июль күндөрү Вашингтондо өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG