Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Бишкектеги башкы аянттагы желектин сабы Анкарадан алынат


Ала-Тоо аянтындагы башкы желектин мурдагы көрүнүшү.
Ала-Тоо аянтындагы башкы желектин мурдагы көрүнүшү.

Бишкек менен Анкара шаарынын мэриялары кызматташтык боюнча беш жылдык Жол картага коюшту. Кыргызстан менен Түркиянын борбор калааларынын ортосундагы 2024-2029-жылдарга пландалган документ соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий багыттагы кызматташтыкты көздөй турганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол картасына 11-июлда “Бишкек-Анкара 2024” бизнес форумунда кол коюлган. Ага Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш баштаган аткаминерлер жана башка адистер катышкан.

Жунушалиев административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкектин аймагы үч эсе кеңейип жатканын, бул инвестиция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.

Ошондой эле мэр быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгиленерин, президенттин жарлыгы менен Бишкектеги башкы желекти жаңыртып, бийиктигин 100 метрге жеткирүү чечими кабыл алынганын айтты.

"Биз желектин сабын Анкарадан алып жатабыз. Анткени Түркия мамлекеттик символго өзгөчө маани берет", - деди Жунушалиев. Бирок ал канча суммага сатып алынары тууралуу расмий кабарда маалымат берилген эмес.

Ушул тапта Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы башкы желекти алмаштыруу иштери уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG