Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Айрым демократтар Байденди шайлоого баруудан баш тартууга чакырды


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

Нэнси Пелоси менен Жорж Клуни АКШ президенти Жо Байдендин кайра шайланышынан күмөн санаган билдирүү таратышты.

Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери, президенттин көп жылдан берки тарапташы Нэнси Пелоси Байдендин шайлоодон баш тартуу же жарышты улантуу тууралуу чечим кабыл алышына "саналуу мүнөттөрү" калганын билдирди.

MSNBC телеканалына маек куруп жатып, "Байдендин кайра шайлоого баруу ниетин колдойсузбу?"деген суроого Пелоси так жооп берген жок.

Дагы бир демократ, Голливуд жылдызы Жорж Клуни Жо Байденди президенттик жарышка баруудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 10-июлда New York Times басылмасында жарык көргөн "Мен Байденди жакшы көрөм. Бирок бизге башка талапкер керек" деген аталыштагы макаласында билдирди.

Өткөн айда эле Байдендин шайлоо өнөктүгү үчүн каражат чогултууга жардамдашып жүргөн Клуни үч апта мурда президент менен жолукканын жана ал азыр 2010-жылга, алтургай 2020-жылга салыштырмалуу такыр башка адам экенин макаласында кошумчалады.

Ал Демократиялык партия шайлоого Байден менен барса утуларын бөркүндөй көрөт.

Ал эми Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Байденден башка талапкерлерди караштырууга даяр экенин ишарат кылган.

Соңку эки жумадан бери 81 жаштагы Байден экинчи мөөнөткө барууга дарамети жетерине ишендиргенге аракет кылып келет. Ал буга чейин "Кудай гана аны жарыштан четтете аларын" айткан.

Партиядагы тынчсыздануу 27-июнда Дональд Трамп менен болгон теледебаттан кийин башталган. Анда Байдендин каргылданган үнү, маал-маалы менен суроолорго чаржайыт жооп бериши көпчүлүктө күмөн жараткан.

XS
SM
MD
LG