Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:03

Сот Алмаз Бейшеналиевге 1,5 млн сом айып салганы белгилүү болду


Алмаз Бейшеналиев.
Алмаз Бейшеналиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелде мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы белгилүү болду.

Райондук соттун басма сөз кызматы 10-июлда “Азаттыкка” билдиргендей, сот Алмаз Бейшеналиевге 1 миллион 500 миң сом айып пул чегерип, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салды.

Алмаз Бейшеналиев райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Шаардык сот ишти 1-июлда карап райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Ал пара алуу фактысы боюнча 2022-жылы сентябрь айында кармалып, кийин үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда 110 миң доллар пара алган деген айып койгон.

Алмаз Бейшеналиев 2020-жылы күзүндө да билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген.

Министрлик кызматка кайра 2021-жылы октябрь айында келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG