Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Иран: камактагы аялдар дарга асуунун жаңы толкуну башталышы мүмкүндүгүн эскертти


Шарифе Мохаммади Иранда камакта жаткан активист. 3-июль, 2024-жыл.
Шарифе Мохаммади Иранда камакта жаткан активист. 3-июль, 2024-жыл.

Иранда түрмөдөгү аялдардын тобу өлкөдө өлүм жазасына өкүм кылуунун жаңы толкуну жакын арада башталышы мүмкүн экенин эскертти. 16 аял кол койгон катта өткөн жумада президенттик шайлоонун алдында бийлик дарга асууларды "болушунча кыскартканы" жазылат.

"Анткен менен бул өлүмгө өкүм кылуунун жана аны ишке ашырууну тездетет. Бул өлүмгө өкүм кылынгандардын жакындарын дагы көбүрөөк азапка салат", - деп белгиленет катта.

Алар профсоюз активисти Шарифе Мохаммадиге чыгарылган өлүм жазасы "жаман жышаан экенин" айтып, өкүмдү артка кайтарууну талап кылышкан.

Июль айынын башында өлкө түндүгүндөгү Рашт шаарындагы Революциялык сот Мохаммади "мамлекетке каршы куралдуу көтөрүлүшкө катышканы үчүн" айыпталганын билдирип, далил катары анын көз карандысыз профсоюз уюмга мүчө экенин келтирген.

Аны ошондой эле күрддөрдүн "Комала" сепаратисттик партиясына мүчө деп айыпташкан. Бул дооматты Мохаммадинин жакындары төгүндөшүүдө.

Мохаммадинин аталаш эжеси Вида "Фарда" радиосуна Шарифени 5-декабрда камалгандан кийин түрмөдө кыйнашканын, ал бир нече ай жалгыз камерада отурганын айтып берген.

Вида кошумчалагандай, Шарифе өлкө ичинде жана тышында бир да саясий партия менен байланышта болгон эмес.

Hengaw укук коргоо борбору "Мохаммадинин мойнуна бир топ айыптарды илүү үчүн иран чалгын кызматынын тергөөчүлөрү аны кыйноого алып, психологиялык басым жасашканын" билдирди.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

"Ирандагы адам укуктары боюнча борбор" (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

XS
SM
MD
LG