Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

CIVICUS: Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында


CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстан жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде калганын 10-июлда билдирди. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” ("Чет элдик өкүл тууралуу") мыйзамдын күчүнө кириши негизги себеп болду.

Мындан тышкары 11 журналисттин камалышы, социалдык тармактардагы пикири үчүн куугунтукка алынып, соттолгон блогер-активисттердин саны өсүп жатканы да өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы аброюна көлөкө түшүрүп жатканы жазылган.

Уюм Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн катарына март айында киргизген. Көп өтпөй, өлкөнүн парламенти "Чет элдик өкүл тууралуу" талаштуу мыйзамды кабыл алып, 2-апрелде президент Садыр Жапаров ал мыйзамга кол коюп, күчүнө кирген.

CIVICUS менен кызматташкан Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун жетекчиси Брижит Дюфур "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы - Кыргызстанда жарандык коомго жасалган олуттуу чабуул экенин белгилеген.

"Адам укуктарынын корголушуна маанилүү салым кошкон, бийликтен ачыктыкты талап кылып келе жаткан бейөкмөт уюмдар бул репрессиялык мыйзам менен куугунтукка алынуу тобокелчилигине дуушар болуп, аягында "агент" деген сөз үчүн ишмердигин токтотуп, жабылуусу ыктымал", - деген Брижит Дюфур.

Уюмдун билдирүүсүндө Кемпир-Абад иши боюнча сотто акталган 20дан ашуун активист, саясатчыларга каршы прокуратура апелляциялык арыз бергени, бул аралыкта айрым блогерлердин соттолуп, камакка алынышы белгиленип, "бийлик репрессиясын улантып жатканы" айтылган. Ага мисал катары жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун 100 миң сом айыпка жыгылып, акын жана активист Аскат Жетигендин үч жылга, жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин беш жылга соттолушу жана башка журналист, блогерлерге карата бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн.

Кыргызстан Freedom House, "Хьюман Райтс Уотч" сыяктуу бир катар эл аралык уюмунун жаңы баяндамасында да төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес" мамлекет аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG