Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Газа: Израилдин соккусунан 20дан көп кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды


Газа тилкесиндеги аба соккулардан көтөрүлгөн түтүн. 9-июль, 2024-жыл.
Газа тилкесиндеги аба соккулардан көтөрүлгөн түтүн. 9-июль, 2024-жыл.

Израилдин армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Абассан шаарындагы мектептин аймагына 9-июлдагы аба соккусунан кеминде 29 кишинин өмүрү кыйылганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Алардын көбү аялдар жана балдар экени кабарланды.

Аба соккудан мектептин жанындагы качкындар баш калкалап жаткан чатырчалар жабыркаган.

Израил армиясы карапайым адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат иликтенип жатканын билдирди. ЦАХАЛдын жүйөсүнө караганда, окуя Израилге 7-октябрда болгон кол салууга катышкан ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушкерин "таамай сокку менен жок кылуу маалында" болгон.

ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын маалымат каражаттарын тескөө башкармалыгынын жетекчиси Исмаил Аль-Тавабтанын айтымында, 9-июлда Газанын борбордук бөлүгүнө жасалган аба соккулардан ондогон жайкын тургундар набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Ал арада жергиликтүү тургундардын айтымында, израил армиясынын танктары Газа шаарынын Тель-эль-Хава, Шежая жана Сабра райондоруна кирип барып, аткылоону күчөттү. Мындан соң жөөт аскерлери бир нече аймактын тургундарын башка жактарга чыгып кетүүгө чакырганын Рейтер агенттиги жазды.

Израил армиясы жоочулар менен болгон кармашта 150дөй хамасчы жок кылынганын маалымдады.

ХАМАС радикал уюму Израилдин чабуулдарды күчөтүшү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө коркунуч жаратып жатканын билдирди.

10-июлда Катардын баш калаасы Дохада Газада тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданат. Ага Египеттин, АКШнын жана Израилдин чалгын кызматтарынын башчылары катышары маалым болду.

Израилдин Газа тилкесинде аскердик операциясынын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда куралдуу согушкерлер Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган.

Тогуз айдан бери уланып жаткан согушта Газа тилкесинде каза болгондордун саны 38 миңге жеткенин аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

XS
SM
MD
LG