Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:58

УКМК Сот департаментинин эки кызматкери кармалганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 9-июлда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин эки кызматкери кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар акча каражатын кымырып алышкан деп шек саналууда.

Маалыматка ылайык, УКМК 4 млн 667 миң сомдун мыйзамсыз сарпталышына байланыштуу кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Сот департаментинин алимент бөлүмүнүн башчысы - Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Ж. М. О. аттуу жаранды жана сот аткаруучусу М. К. М. атуу адамды кармаган.

Тергөөнүн маалыматтатына караганда, 2016-жылы кыргызстандык жаран Н. С. өз үйүн күрөөгө коюп, 150 миң доллар өлчөмүндө насыя акчаны "Кыргызстан" банкынан алган. Насыянын карызы убагында төлөнбөгөндүктөн, банк анынүйүн сатыкка койгон.

"Үй сатылганда насыя карыздан ашып калган акчаны "Кыргызстан" банк Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө которгон. Шектүүлөр ал акчаны мыйзам талап кылгандай, Н. С. эсебине которбой, анын атынан жасалма ишеним каттын негизинде толугу менен кымырып алышкан", - деп жазылган маалыматта.

Кармалгандар УКМК төргөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү тарап комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG