Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:52

Кабардин-Балкар полициясы «шарият кайгуулу» кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын курамындагы Кабардин-Балкар республикасында полиция он кишини экстремисттик жамаат түзгөн жана ага катышкан деген шек менен кармады. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда республиканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеме алар «шарият кайгуулун» түзүп алганын, Тырныауз шаарында жана анын чет жакасында жашоо таризи жана жүрүм-туруму өзүлөрүнүн «диний-экстремисттик ишенимдерине» туура келбеген деп эсептеген адамдарды аныктап, аларга каршы «мыйзамсыз аракеттерди» жасап келишкенин маалымдады.

«Экстремисттик топтун мүчөлөрү ошол адамдарга психологиялык басым көрсөтүп, денесине залал келтирген, таяк менен уруп-сабаган», — деп айтылат маалыматта. Полиция алардын зомбулугунан 14 киши жабыркаганы аныкталганын кабарлады.

Топтун уюштуруучусу деп полиция 40 жаштагы жергиликтүү тургунду атады, ал 2017-жылы март айында «кылмыштуу тобуна» 26-54 жаштагы тогуз жергиликтүү тургунду тартканын билдирди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик жамаат түзүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду, бул үчүн 10 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган. Калган тогуз шектүүгө ошол жамааттын ишмердигине катышкан деген айып тагылды, алар алты жылга чейин камакка алынышы ыктымал.

2022-жылы Кабардин-Балкарда ушундай эле берене менен «шарият кайгуулу» деген дагы бир топ кармалган. Камакка алынган он кишинин баары шарттуу түрдө соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG