Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

БУУ Израилдин Газа боюнча соңку чакырыктарын айыптады


Газа.
Газа.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин Газа боюнча соңку билдирүүлөрүн айыптады. Бул тууралуу 9-июлда AFP маалымат агенттиги билдирди.

Уюмдун адам укуктары боюнча башкармалыгы Израилдин Газа секторунун тургундары эвакуация болушу керектиги тууралуу чакырыктары капа кылып жатканын, анткени ансыз да качкын болуп жашоого мажбур тургундар согуш жүрүп, адамдар өлүп, жараат алып жаткан жерлерден качып чыкканы, эми алар кайра эле ошол жакка барууга аргасыз экенин белгиледи.

Газа шаарынын борбордук бөлүгүнөн дүйшөмбү күнү батышты көздөй кетүүгө мажбур болгон жай тургундардын коопсуздугуна кайрадан коркунуч жаралганы, себеби Израил армиясы (ЦАХАЛ) «Газа шаарынын түштүгүндө жана батышында чабуулдарын күчөткөнү, адамдар жөнөгөн райондор бутага алынганы” маалымдалды.

Газа шаарынын тургундары түштүк-батыш тарапта түнү менен жарылуу, атышуу болгонун, тик учактан сокку урулганын айтып беришти.

Бул шаардын тургундарына борбордук тилкедеги Дейр-ал-Балах районуна баруу сунушталууда. Бирок, БУУнун кызматкерлери белгилегендей, ал жак ансыз да башка шаарлардан баш калкалап барган палестин качкындарына толуп турат.

Адистер ал жерде адамдар оор шартта күн кечирип жатканын белгилөөдө. Өзүн Лубна ал-Азайза деп тааныштырган келин Израилдин соккуларынан үйү жана жеке клиникасы талкаланганын, азыркы тапта өзү сыяктуу медицина кызматкерлери менен бирге топ түзүп, чатыр тигип, качкындарга жардамын берип жатканын айтууда:

«Ооруп, бизге кайрылгандар бир күндө элүү кишиден ашууда. Эртеден кечке чейин болжол менен 60-100 бейтапты кабыл алып, жардамыбызды берип жатабыз».

8-июлда израилдик аскерлер Газа шаарында ХАМАС тобуна (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) каршы операциясын улантып, “ондогон согушкерди жанына барып атышып, жок кылганын” билдирген жана шаардын көпчүлүк бөлүгүндө жашагандарды башка жакка чыгып кетүүгө үндөгөн.

27-июндан бери Израил Газа шаарынан жана сектордун түштүк тилкесинен эвакуация болуу тууралуу үч жолу эскертүү берген жана ошол жактагы операциясын активдештирген. БУУнун маалыматына караганда, андан бери он миңдеген жайкын тургун башка жакка чыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG