Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

11 журналисттин сотунда айыпталуучулар сурак берип бүттү


Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.

9-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда айып коюлган журналисттер сурак берип бүттү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан Жоодар Бузумовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, эми 18-июлдагы соттук жараянда иштин материалдарын изилдөө башталып, журналисттик материалдар боюнча корутунду берген эксперттер суралат.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG