Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Австралия Кытайды киберчабуулга айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австралия киберчабуул жасалганын билдирип, Кытайды айыптады. Өлкөнүн киберкоопсуздук боюнча өкмөттүк агенттиги 9-июлда Кытай колдогон хакердик топ австралиялык эки түйүндүн колдонуучуларынын аттарын жана сыр сөздөрүн уурдаганын билдирди.

Окуя 2022-жылы болгону, бирок аталган хакердик топ дагы эле өлкөнүн киберкоопсуздугуна коркунуч жаратып турганы маалымдалды.

Агенттиктин баяндамасында белгиленгендей, хакерлер APT40 деген аталыш менен иштеген, алар зыян келтирүүчү кибероперацияларды Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин пайдасы үчүн ишке ашырып турган. Бул министрлик Кытайдын тышкы чалгын ишмердигин көзөмөлдөйт. Кытай Австралиянын бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG