Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Еврошаркет Грузияны кабыл алуу жараянын убактылуу токтотту


Павел Герчинский.
Павел Герчинский.

Европа Биримдиги (ЕБ) Грузиянын бул уюмга интеграция болуу процессин убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда биримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский Еврошаркеттин Грузиядагы ишмердиги боюнча эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Ал Грузиянын азыркы жетекчилигинин ниети ЕБ үчүн түшүнүксүз болуп жатканын белгилеп, жакында кабыл алынган “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзамды өлкөнүн биримдикке мүчө болуу жолундагы жетишкендиктер тушундагы артка карай жасалган кадам деп атады.

“Ошондой эле Батышка каршы, Европага каршы айтылып жаткан риторика Евробиримдикке кирүү боюнча жарыяланган максатка таптакыр туура келбейт", - деп кошумчалаган Герчинский Грузиянын евроинтеграциясынын убактылуу токтотулушун "өкүнүчтүү жана жүрөк оорутар" кадам деп атады.

Элчинин айтымында, ЕБ Грузиянын коргоо тармагына бөлгөнү жаткан 30 миллион евросу токтотулду жана бул "биринчи гана кадам". Герчинский Грузиянын Еврошаркетке мүчө болуу аракети өлкөдө быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоодон кийин уланарына үмүттөнөрүн айтты.

Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2023-жылы декабрда алган. Бир нече айдан кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы "чет элдик агент" деген атка конгон мыйзамды сунуштап, натыйжада парламенттеги бийликчил күчтөрдүн көпчүлүгү басымдуулук кылып, аны ири нааразылык акцияларына карабастан кабыл алган.

ЕБ өлкөлөрү да, АКШ да грузин бийлигин мындай демилгеден баш тартууга үндөшкөн, бирок акыры мыйзам кабыл алынгандан кийин Еврошаркет грузин жарандарына берилген визасыз режимди токтотууну сунуштаган, ал эми АКШ бул өлкөдөгү “демократияны үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жооптуу адамдарга” санкция жарыялаган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG