Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Орусия Украинанын дрон чабуулуна кабылганын билдирип, түштүктө учууларга чектөө киргизди


Орусия. Белгород облусу.
Орусия. Белгород облусу.

Орусия 9-июлга караган түнү өлкө аймагына Украина тараптан учурулган кыркка жакын согуштук дронду атып түшүргөнүн билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү адамдар жабыркаганын, айрым имараттар талкаланганын маалымдашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги 9-июлда билдиргендей, Ростов, Курск, Астрахан, Белгород жана Воронеж шаарларынын аймагында жалпысынан 38 учкучсуз учак жок кылынды.

Астрахан жана Волгоград облустарында аэропорттордун ишине чектөө киргизилди.

Белгород облусунда кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылганы, 20 киши жараат алганы, ондогон үй электр жарыгысыз калганы, Волгоградда мунай базасы өрттөнгөнү кабарланды.

8-июлда Украинада кеминде 38 адамдын өмүрүн алган чабуулдар үчүн өлкө президенти Владимир Зеленский Орусияны айыптап, “Орусиядагы бул адам эместерге, албетте, жооп беребиз” деп айткан.

Орусиянын Украинаны айыптаган бүгүнкү билдирүүлөрүнө украин тарап жооп берген жок.

Батыштагы көпчүлүк өлкөлөр жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык координатору 8-июлдагы Украинадагы соккуларды айыпташкан. Бүгүн 9-июлда Украинанын талабы боюнча бул чабуул БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланганы жатат.

АКШ президенти Жо Байден Украина 8-июлда кабылган ракеталык чабуул «Орусиянын ырайымсыздыгынын үрөй учурган эскертүүсү» болуп калганын айтты.

«Дүйнө ушул маанилүү учурда Украинаны колдоону улантып жатканы жана биз Орусиянын агрессиясын көз жаздымда калтырбай турганыбыз абдан маанилүү», — деп жазды ал 9-июлда X социалдык түйүнүнө.

Украина 8-июлда Киев, Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск аймактары Орусиянын ар кандай типтеги 40тан ашуун ракетасынын соккусуна кабылганын билдирген.

Киевде бутага балдар ооруканасы алынган. Жалпы Украина боюнча ири балдар ооруканасы деп эсептелген бул мекеменин имараты талкаланып, бир дарыгер жана бейтаптардын биринин жакыны каза болгон. Балдардын арасынан жетөө жараат алган.

Москва 2022-жылы согуш ачкандан бери Украинанын жарандык объектилерин бутага алып, үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды жана башка социалдык инфраструктураны талкалап келет. Бирок өзү андай чабуулдарын моюнга албай, украиндердин аскердик гана объектилерин жок кылып жатканын айтууда.

8-июлдагы чабуул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар «Украинанын аскердик өнөр жай объектилерине жана Куралдуу-күчтөрүнө каршы багытталганын», «соккулар максатына жеткенин» билдирди.

Украинанын борбор калаасы Киевде бүгүн 9-июлда кезектеги Аза күтүү күнү. (RK)

XS
SM
MD
LG