Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


10-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 8-июлда күндүз 21,2°, 9-июлда эртең менен 20,1° жылуу болду.

XS
SM
MD
LG