Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

УКМК Таласта чек арадан мыйзамсыз мал өткөргөндөр кармалганын билдирди


Казакстандан мыйзамсыз алынып келаткан мал жандык. УКМК тараткан сүрөт.
Казакстандан мыйзамсыз алынып келаткан мал жандык. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунунун Казакстан менен чектешкен аймагында мыйзамсыз мал ташып келаткан адамдар кармалганын маалымдады.

Мекемеден билдиришкендей, 4-июлда Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги Көл-Жайлоо тоолуу аймагында 432 баш майда жандыкты Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келеткан Талас районунун Нылды айылынын үч тургуну кармалган. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин “Азаттык” радиосу Таластагы мал аткезчилиги тууралуу видео жарыялаган. Анда Нылды жана Сары-Булак айылынын айрым тургундары айылдаштарын Казакстандан миңден ашык койду мыйзамсыз айдап келетканын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Ошондой эле мал аткезчилигинин айынан жайыт жерлер бузулуп, жергиликтүү базарда мал арзандап кеткенин билдиришкен.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын жалпы узундугу 1 113 чакырымды түзөт. Анын тегиз жерлерине тосмолор тосулганы менен бийик тоолуу аймактарга эч кандай тосмолор коюла элек. (MKt)

XS
SM
MD
LG