Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Ногойбаеванын адвокаты абактан жазылган кат боюнча прокуратурага кайрылды


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Асел Ногойбаева зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал мурдагы жолдошу жазды делген каттарды Instagram'дагы баракчасына жарыялады. Анда ал “абактан качып чыкса болору, башка өлкөгө чыгып кетери” тууралуу да айткан.

Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага телефон да чалганын, буга чейин да ушундай эле каттарды жазганын айтып, окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз бергенин билдирди.

“Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага Instagram'дан, WhatsApp'тан кат жазып абакта телефонду ачык эле колдонуп жатат. Биз бул каттарды коркутуу деп эсептейбиз. Жазасын алып түрмөгө кесилген киши абактан коркутуп жатса мамлекет эркиндиктеги адамдын укугун коргой албай атпайбы. Азамат Эстебесов түрмөдөн эркиндикте жүргөн бирөөгө телефондон тапшырма берип Асел Ногойбаеванын ден соолугуна зыян келтирип койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт”, - деди ал.

Жаза аткаруу кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG