Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Fly Jump спорт комлексинин ээси үй камагына чыгарылды


Сүрөт "Flajump" спорт комплексинин Инстаграмм баракчасынан алынды.
Сүрөт "Flajump" спорт комплексинин Инстаграмм баракчасынан алынды.

Fly Jump спорт комлексинин ээси Н. уулу А. Аламүдүн райондук сотунун 8-июлдагы токтому менен үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлап, сот токтом кабыл алууда Н. уулу А. анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталып жатканын, мурун соттолбогондугун, туруктуу жашаган жери бар экендигин, тек-жайы аныкталганын, үй-бүлөлүк абалын, мурун тергөө органдарынан жашырынбаганын негиз кылганын түшүндүрдү.

6-июль күнү саат 13:30 чамасында Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump спорт комлексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. 25 метр бийиктиктен кулап түшкөн адамга медициналык жардам көрсөтүү аракети болгону, бирок андан майнап чыкпаганы кабарланган.

Аламүдүн райондук милициясы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү") менен кылмыш ишин козгоп, Fly Jump спорт комлексинин 28 жаштагы ээсин кармаган. Буга иш тууралуу топтолгон материалдар жана маркумдун жакындарынын арызы негиз болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG