Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

Бир айда чет өлкөлөрдөн 13 кыргызстандыктын сөөгү келди


"Жүк-200". Иллюстрациялык сүрөт.
"Жүк-200". Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн июнь айында жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, элчилик жана консулдуктар өткөн айда чет өлкөлөрдөн 13 кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирүүгө жардам берген.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл беш айда чет өлкөлөрдө каза болгон 249 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген. Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө мамлекет 23 млн 260 миң сом төлөп берген.

2023-жылы чет өлкөлөрдөн 581 ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келген, алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Түркия, Индия, АКШ жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн. "Жүк-200дү" алып келүү үчүн былтыр мамлекет 61 млн 244 миң сом бөлгөн.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350, 2021-жылы 540 кыргызстандыктын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG