Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Өспүрүмдөн акча талап кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматынын кызматкери өспүрүмдү коркутуп акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 6-июлда ал көчөдө электрондук тамеки чегип отурган (С.Ю.) өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартам деп коркутуп, акча талап кылган. Милиция кызматкери жабырлануучудан ошол эле жерден банкоматтан акча чыгартып алган. Өспүрүм окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана “геморрагиялык инсульт” диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми милиция кызматкери окуя болгон жерден кетип калган.

Бул факты боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Коркунучта калтыруу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорку Кеңеш 26-июнда Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Эгер ага президент кол койсо, электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (BTo)

XS
SM
MD
LG