Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

Макрон Атталдын отставкасын кабыл алган жок


Габриэл Аттал.
Габриэл Аттал.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон премьер-министр Габриэл Атталдын отставкасын кабыл алган жок.

Макрон андан өлкөдөгү парламенттик шайлоодон кийинки жана ушул айдын соңунда баштала турган Олимпиаданын ачылышын утурлай коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматында убактылуу калууну өтүндү.

Францияда 7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгында президентти жактаган, өзөгүн Макрон менен Атталдын партиясы түзгөн "Республика үчүн бирге" коалициясы экинчи орунду ээлеп, 168 орун алды.

Биринчи орунда – солчул партиялардын 182 орун алган "Жаңы элдик фронт" коалициясы, үчүнчүдө – 143 орунга ээ болгон ашынган оңчул "Улуттук биримдик".

Талдоочулар Франция саясий туңгуюкка кептелерин божомолдошкон.

Аттал премьер-министр болуп быйыл январда дайындалган. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин отставкага кетерин жарыялап жатып Парижде миллиондогон киши чогула турган Олимпиада алдында кызматын уланта туруш керек болсо иштей берерин айткан.

Францияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо июнь айынын башында өткөн Европарламентке шайлоодо өлкөдөгү ашынган оңчулдар ийгиликке жетишкенден кийин дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG