Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Абактагы журналисттердин камерасын тинтүү боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат


Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров.
Айке Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Актилек Капаров.

Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан төрт журналисттин камералары тинтилип, кийимдери алынганы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

“Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров абактагы төрт журналисттин камераларында тинтүү болгонун, анда тергөө абагынын кызматкерлери журналисттердин “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларын алып коюшканын 8-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Маалыматты абактагы журналисттердин адвокаты Улан Сейитбеков да ырастап, бул окуя боюнча Башкы прокуратурага арыз жазарын айтты.

“6-июлда түшкө жакын төрт журналисттин - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекееванын футболкаларын күч менен тартып алып коюшуптур. Бул боюнча 10-июлда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылам. Алар бычак же башка тыюу салынган буюмдарды алып кирген жок да. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген бул макал да. Ал эч кимдин беделине шек келтирген жок”, - деди ал.

Алар бул футболкаларды 5-июлдагы соттук отурумга кийип келишкен.

Быйыл апрелде Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы абакта сабалганы тууралуу маалымат тараган. Жаза аткаруу кызматы аны төгүндөп, күнөөнү Тажибек кызына оодарган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши түрдүү себептер менен эркиндикке чыккан.

Иш кийин Бишкектин Ленин райондук сотуна өтүп, ушул сотто каралып жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (ZKo/BTo)

XS
SM
MD
LG