Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Селден улам Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолу жабылды


Жолдогу сел. Иллюстрациялык сүрөт.
Жолдогу сел. Иллюстрациялык сүрөт.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 8-июлда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автоунаа жолунда сел жүрүп, 71-чакырымы убактылуу жабылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 8-июль, саат 15:30га карата берген маалыматына ылайык, аймакта азыркы тапта да жамгыр катуу жаап жатат.

Мындан тышкары жолдун 133-135-чакырымында жол бир тараптуу жабылды.

Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техника тартылууда.


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG